Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелери бүгүндөн тарта ишин жандантат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Унаа» мамлекеттик ишканасы, «Кыргыз почтасы», “Архив”, калкты тейлөө борборлору 12-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт.
Белгилей кетсек, аталган мекемелер 7-октябрь күнү өлкөдөгү башаламандыктардан улам ишин токтоткон.