• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-түрк достук ооруканасы коронавирус жуктургандарды кабыл алып баштайт

5 Кулжа 2020 9:07 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин координатору Али Муслу 4-июнда жолугушту. Министрликтин маалыматы боюнча, эки тарап Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк достук ооруканасын коронавирус оорусун жуктурган жарандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн стационар катары колдонууга берүү тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле оорукананы убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу протоколго кол коюлду.

Али Муслу негизги максат Кыргызстандын элине сапаттуу медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү экенин белгилеген.

Фучик көчөсүндө жаңы курулган оорукана ачыла элек болчу.

Количество просмотров: 30