• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз-түрк тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

1 Бугу 2022 17:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мевлют Чавушоглу Жээнбек Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалаган.

Эки тарап жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Количество просмотров: 298