Бүгүн, 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылында кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү башталды. Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп барды. Ал эми тажик тараптан Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим сүйлөшүү жүргүзүп жатат.
Кыргыз-тажик вице-премьер-министрлери жыйындын башталышында журналисттерге маалымат берип, чек арадагы акыркы окуяларга токтолушту жана чек ара маселесин оң жагына чечүүгө ниеттенип жатышканын билдиришти.
Белгилей кетсек, Өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу эки өлкө президенттеринин өткөн жумадагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өтүп жатат.
Булак «Азаттык«