• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасы: 17,98 чакырым макулдашылды

8 Жетинин айы 2023 12:36 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Теги:
Количество просмотров: 101