УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында алынып келинерин айтты.
“Тажикстан менен чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. 11-декабрда картографияны сызып даярдап баштайбыз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Чек ара чечилгенде “сен уттуң, мен уттум” деген болбойт”, — деди Ташиев.
Эске салсак, 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаганы айтылган.