• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эл аралык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасады

17 Аяк оона 2022 11:03 Бишкек Govori.TV

Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу билдирүү жасады. Анда жабыркагандарга көңүл айтып, мындай чатак жалпы аймактагы кырдаалдын туруксуздугуна алып келери белгиленген.

«Евробиримдик жума күнү тараптар жетишкен макулдашууларды кубаттайт. Биз эки тарапты тең ок атууну токтотууга, чыңалууну басаңдатуу үчүн мүмкүн болгон аракеттерди кылууга, маселени тынч жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз» деп жазылган билдирүүдө.

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау жана уюмдун баш катчысы Хельга Шмид 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөштү. Анда эл аралык уюмдун жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тереңдетпөө жана аны тынч жол менен чечүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышка байланыштуу башка бир катар мамлекет башчылары да кабатырлыгын билдиришүүдө.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар кабатырлануу жаратканы тууралуу билдирүү жарыялады.

«Ынтымакта коңшулаш жашап келген эки элдин ортосундагы чыңалуу тез арада токтоп, маселе тынч, дипломатиялык жол менен чечилерине ишенебиз» деп жазылган маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышка кабатырлыгын Түрк мамлекеттеринин уюму да 16-сентябрда билдирип, тараптарды тынчтыкка үндөгөн.

Количество просмотров: 2302