• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү 

17 Тогуздун айы 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

16-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандан Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги жана Тажикистан тараптан Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүүсүн сыпаттоо боюнча макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана бардык орун алган чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Делегация башчылары 2023-жылдын 2-октябрындагы №44 протоколдун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү жана протоколдун жоболорун дыкат аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү.

Количество просмотров: 58