• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе ЖКнын комитеттеринде каралууда (түз эфир)

27 Бирдин айы 202510:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-февралда Тажикстан менен чек араны делимитациялоо боюнча келишимдин долбоору тиешелүү комитеттердин биргелишкен кезексиз жыйынында каралат.

Министрлер кабинетинин жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, жыйында үч маселе каралат. Буга байланыштуу төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында танапис жарыялады. Тыныгуудан кийин комитеттердин биргелешкен жыйынга чогулушту.

Парламенттин отурумуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Министрлер кабинетинин курамы катышып жатат.

Эске салсак, 21-февралда Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтык протоколго кол коюшкан.

Количество просмотров: 200