• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү эмне менен аяктады? Протокол

15 Үчтүн айы 2020 8:56 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү 14-январда түнкү саат 23:30да аяктады.

Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту.

  1. Буга чейин кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин бир айдын ичинде негиздөөгө сунуш берилсин.
  2. Чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди аныктап, адегенде бир тараптуу чечип, анан жерлерди алмашуу боюнча сунуш ушул жылдын 1-мартына чейин берилсин.
  3. Чыр-чатак көп катталган, эки эл жанаша жайгашкан аймакта кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен күзөтүн күчөтүү каралсын.
  4. Кыргыз-тажик чектеш аймактарында көчөлөр жарыктандырылып, видео байкоо орнотулсун. Эгерде чыр-чатак болуп кетсе видео тасманы эки тарап бирдей карап, талдоого алсын. Ош-Баткен-Исфана эл аралык автожолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара-Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотулсун.
  5. Кыргыз-тажик элинин ортосунда соода-сатык алакасын, маданий кызматташууну өркүндөтүү каралсын.
  6. Кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылсын.

Кол коюлган протоколдо бул алты маселеге эки тарап бирдей жоопкерчилик алып, жумуш чогуу аткарыла тургандыгы жазылган.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан.

Количество просмотров: 858