• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жумушу уланууда 

7 Чын куран 2023 14:29 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 7-апрелине чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык топтордун жолугушуусу 2023-жылга карата жолугушуулардын графигине жана дипломатиялык каналдар аркылуу жетишилген макулдашууга ылайык өттү.

Бул багыттагы жумуштар улантылат, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылды.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүү абалында өттү.

Количество просмотров: 884