• Дүйшөмбү 4 Бештин айы 2023
  • Понедельник 4 Декабрь 2023

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтун жолугушуусу өттү 

28 октября 2023 в 14:08 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 22-октябрынан 28-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул ирет тараптардын жолугушуусу Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн (КР).

Тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын сыпаттоо маселелерин талкуулашкан.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

Количество просмотров: 148