• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов жолугушту

2 Тогуздун айы 2023 22:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2-октябрда Баткенде өткөн жолугушуу тууралуу маалымат берди.

Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган.

Алар мамлекеттик чек ара сызыгы (тилкеси) өткөн жерди баяндап жазып чыгууну улантуу тууралуу тапшырма бергени маалыматта айтылат.

Эки тараптын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтору, топографиялык жумушчу топтору калган бөлүктөрдө долбоордук линияны баяндап жазуу боюнча ишти уланта турганы, сүйлөшүү достук маанайда өткөнү, анда чектеш аймактардагы кызматташтык багытында ишти улантууга басым жасалганы белгиленген.

Өкмөттүн сайтына чыккан кабарда жолугушууда протоколго кол коюлганы айтылганы айтылган.

Кездешүү өз ара түшүнүшүү маанайында өттү деген билдирүү менен жыйынтыкталган.

Количество просмотров: 109