• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасы: Жаңы протокол боюнча Ятимов менен Ташиевдин билдирүүсү

3 Тогуздун айы 2023 11:49 Бишкек Govori.TV

2-октябрда Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өткөн.

Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, ал эми Тажикстандын делегациясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болуп, делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрүн билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкен.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган участокторунда долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат. Жолугушууда чек ара аймактарынын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек арага жакын райондору менен облустарынын активдүү кызматташуусун улантуу зарылчылыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду», — деп маалымдалат Министрлер кабинети тараткан билдирүүдө.

Ал эми жолугушуудан соң кол коюлган биргелешкен протокол боюнча Ятимов менен Ташиев билдирүү жасашкан.

Ятимовдун айтымында алар №44 протоколго кол коюшкан. «Бул протокол ишке ашуусу менен буга чейин катталган пикир келишпестиктердин себеби болгон суроолор менен маселелерди чечет», — деп билдирди.

Ал эми Ташиев бул протокол эки тараптын макулдашуусу менен кол коюлганын, жана баардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз боло турганын айтты.

Количество просмотров: 1406