• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери качан бүтөт?

5 Баш оона 202418:07 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жакынкы айларда жыйынтыкталат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 90%ы такталды.

“Жумушчу топтор жума сайын жолугушууларды өткөрүп жатат. Өкмөттөр аралык комиссия бир жумада Кыргызстанда, бир аптада Тажикстанда жыйынга чогулууда. Азыр бир катар жагдайлар боюнча макулдашуулар жүрүүдө. Жакынкы айларда бул маселе чечилет”, — деди ал.

Количество просмотров: 97