• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жол менен товар алып келе жаткан жаран кармалды

11 Бештин айы 201812:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.12.2018.Govori.TV

Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында наркы 3 миллион сомдон ашык турган товарды аткезчилик жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, бүгүн, 11-декабрда Лейлектин Сай өрөөнүнөн кыргызстандык жаран Ж.Б. УКМК жана чек ара кызматкерлери тарабынан кыргыз-тажик  чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалган.


Ага тиешелүү «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасын текшерүү учурунда 200 даана «Samsung» A6 үлгүсүндөгү телефон жана 320 жащик жүзүм табылганы белгилүү болду.
Кармалган жарандын жанында бул товарга тиешелүү документ  болгон эмес. Аткезчилик жол менен алынып келаткан товардын жалпы наркы 3 миллион 200 миң сомду  түздү. 
Тиешелүү кагаздарды толтургандан кийин кармалган адам жүгү менен кошо УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

Количество просмотров: 13