Бүгүн, 29-январь, саат 10:30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан жана Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.
Кыргыз тарап чек арага алып келинген кошумча күч каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти.
Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.