• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасында чарбалык иштер токтотулду

16 Бирдин айы 2021 8:40 Бишкек Govori.TV

Баткендеги Паскы-Арык айылындагы Уч деп аталган жериндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандарынын көчөт отургузуу аракети  токтотулду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-февралда кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерден курулуш иштерин жүргүзүү аракетине бөгөт коюшту.

«Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, Кыргызстандын Миң-Өрүк жеринде жана Тажикстандын Сурхта отуз чактыдай эки өлкөнүн тең жарандары топтолушкан. Кыргыз жарандары дагы шарттуу чек ара сызыгына жакын жерге көчөт отургузууга аракет кылышкан. Эки тараптын чек ара бекетинин, айыл аймактарынын башчылары жолугуп, кыргыз тарап такталбаган аймактарда ар кандай чарбалык иштерди токтотуу талабын коюшкан. Чыр-чатактын алдын алуу үчүн эки тарап тең курулуш иштерин токтотуп, Тажикстардын жарандары пайдубал курулуштарын алып салуу чечими кабыл алынган. Учурда эки мамлекет чек арасында абал туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын чек ара мекемеси бул боюнча ырасмий комментарий бере элек.

Количество просмотров: 142