• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты

16 Бештин айы 2019 17:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чырдын келип чыгышына тажик жараны такталбаган чек ара участкасына тосмо тосуп алганы себеп болгон. Анда 30-40 жаран чогулуп аталган көрүнүшкө нараазычылыктарын билдиришкен.

Конфликт болгон жерге Кыргызстандын чек ара кызматынын кызматкерлери барып, Тажикстандын жарандарынан такталбаган аймакта ишти токтотууну талап кылган. Бирок, тажик жарандары чек ара кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тартышкан.

«Учурда Кыргыз-тажик чек ара кызматкеринин өкүлдөрү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 258