Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.
Бүгүн, болжол менен саат 15:00дор чамасында тажик тараптан эки жолу ок чыгарылды. Бул тууралуу чек ара кызматынын өкүлү Сажыра Чоколоева билдирди.
“Ок чыгаруудан чек ара кызматкери бутунан жараат алды. Аны чек ара тозотуна алып кетишти. Ок атылган маалда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жергиликтүү тургундар менен жолугуп жаткан. Мунун алдында Баткен менен Согди облустарынын башчылары Мадумаров менен Ражабай Ахмадзода Ак-Сайдагы Дача аймагында жолугуп, чыр-чатакты жөнгө салуу, анын себептерин тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан”,-деди С.Чоколоева.