1-декабрда саат 21:00дөр чамасында Баткен облусунун Баткен районундагы Дахма тилкесинде мамлекеттик чек аранын шарттуу линиясына жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 жолу ок чыгарышкан, деп билдирди Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
Болжол менен ок аңчылык мылтыгынан атылган.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жагдайды тактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын жетекчилери окуя болгон жерге токтоосуз жетип, ок атууга катышкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү макулдашты.
Окуя боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке маалымат берилди.
Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мамлекеттик чек арадагы чагымчылдыктын алдын алуу чараларын талкуулады.
«Саат 22:30га карата мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде абал туруктуу, бирок чыңалуунун элементтери менен мүнөздөлүүдө», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.