• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды 

14 Кулжа 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 2022-жылдын 14-июнунда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 07:00 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Кех» чек ара заставасы тараптан «Булак-Башы» чек ара заставасын көздөй ок атылган.

«Эки тараптын чек арачылары дароо күжүрмөн позицияларды ээлешти. Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөштү. Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Бирок саат 07:50дө тажик тарап минометторду колдонгон. Саат 8:10до атышуу токтоду»,-деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.


Количество просмотров: 474