Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында курал пайдаланылган окуя катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаган. Алар чек ара сызыгынан 250-300 метрдей кыргыз тарапка кирип кетишкен.
«Чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан чыгуу талабына Тажикстандын жарандары көңүл бурбай, тескерисинче аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган. Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен», — деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Кошумчалагандай, жакын арада Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.
Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.