Белоруссиянын Витебск шаарындагы XXXV «Славян базары» Эл аралык искусство фестивалынын алкагында өткөн
Жаш эстрада ырчыларынын арасындагы сынакта Нурдөөлөт Деркембаев 3-орунга ээ болду.
Бул тууралуу Кыргызстандан барган чыгармачыл делегациясынын жетекчиси Гулнара Тойгонбаева билдирди.
Маалым болгондой сынакка 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Ал эми Балдар музыкалык сынагында Алимхан Муратов дипломант наамына татыган.