• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Бишкекте жарыктын маал-маалы менен өчүшүнө түшүндүрмө берилди

21 Теке 202610:44 Бишкек Govori.TV

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясына караштуу Бишкек электр тармактар ишканасы маалымат таратып, Бишкек шаарында жана ага танапташ райондордо жөнгө салуу максатында жарыкты өчүрүү чараларына түшүндүрмө берди.

«Абанын температурасынын аномалдуу жогорулашына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында электр энергиясын керектөөнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү катталды. 2026-жылдын 19-июлунун жыйынтыгы боюнча суткалык керектөө жаңы тарыхый максималдуу чекке жетип, 50 млн 122 миң кВт·саатты түздү. Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылдын 19-июлунда бул көрсөткүч 42 млн 514 миң кВт·саатты түзгөн. Ошентип, суткалык электр энергиясын керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18%га өстү. Бул аномалдуу ысыктан улам кондиционерлерди массалык түрдө колдонууга байланыштуу өлкөнүн энергетика тутумуна рекорддук күч келгенин тастыктайт. Өзгөчө ашыкча жүктөмдөрдөн улам аймактын энергетикалык тутумунун жабдуулары өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат. Абанын температурасы +45 °C болгондо электр берүү чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25%га чейин төмөндөйт, буга байланыштуу айрым тилкелерде жол берилген техникалык ченемдерден ашуу фактылары катталган. Жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында энергетиктер эң жогорку жүктөм байкалып жаткан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында убактылуу алдын алуучу жөнгө салуу чараларын киргизүүгө мажбур болууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 17-июлда Бишкекте электр энергиясы жапырт өчкөн.

Количество просмотров: 30