• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 5 медаль жеңди

21 Теке 202611:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын математика боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Шанхай шаарында өткөн эң абройлуу 67-эл аралык математика олимпиадасында (IMO) тарыхый ийгиликти кайталады.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, дүйнөнүн 117 өлкөсүнөн 666 окуучу катышкан таймашта кыргызстандык окуучулар 3 күмүш, 2 коло медаль жана 1 Ардак грамота утуп алышты.

Бул жыйынтык менен Кыргызстан 35-орунду ээлеп, катары менен үчүнчү жыл дүйнөдөгү эң күчтүү 40 команданын катарына кирди.

Медаль уткандар:

  • Акимов Ари – күмүш медаль («Газпром Кыргызстан», 8-класс)
  • Саят Арлан – Күмүш медаль («Газпром Кыргызстан», 8-класс)
  • Бобрус Ян – күмүш медаль («Газпром Кыргызстан», 10-класс)
  • Мусаходжаев Султан – коло медаль («Маариф», 10-класс)
  • Акенеев Тимур – коло медаль («Газпром Кыргызстан», 11-класс)
  • Абдувалиев Бектен – Ардак грамота («Силк Роуд Эдюкейшн», 8-класс)
Количество просмотров: 22