• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал

27 Үчтүн айы 202223:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, саат 20:49 КР УКМК ЧК 2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматына ылайык, Көк-Таш айлындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатканын ошондой эле, Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде ТР чек арачылары тарабынан миномет жана гранатомет колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.

Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жаткандыгын билдирген.

Баткен району Ак-Татыр а/а Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай а/а Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарында жергиликтүү тургундарды жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.

Лейлек району Кулунду а/а Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды.

Ошол эле Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн кооптуу чек ара аймактарында жашаган элдер коопсуз аймакка эвакуацияланууда. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы#расмиймаалымат Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал.

Саат 20:49 КР УКМК ЧК 2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматына ылайык, Көк-Таш айлындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатканын ошондой эле, Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде ТР чек арачылары тарабынан миномет жана гранатомет колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.

Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жаткандыгын билдирген.

Баткен району Ак-Татыр а/а Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай а/а Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарында жергиликтүү тургундарды жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.

Лейлек району Кулунду а/а Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды.

Ошол эле Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн кооптуу чек ара аймактарында жашаган элдер коопсуз аймакка эвакуацияланууда. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды.

Количество просмотров: 62