13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды.
Маалым болгондой, «Кызыл-Бел» өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми «Кайрагач» бекети эки тараптуу болуп ачылат. Кыргыз-тажик чек арасындагы калган бекеттерди ачуу этап-этабы менен жүргүзүлмөкчү.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.
Эске салсак, эки мамлекеттин чек арасы 2021-жылы май айында болгон биринчи чек ара кагылышынан кийин жабылган.