• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын чоо-жайы иликтенүүдө

6 Баш оона 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн, 6-августта болгон окуянын чоо-жайы такталып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана чек ара кызматынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик органдары чырдын себебин тактап жатышат.

Окуянын себептери жана тажик тараптын чек арачысынын жаракат алышы, бир жаранынын жаракатынан улам каза болушу жөнүндөгү версиясы такталып жатат. Буга катар эле кыргыз тарап бир жактуу түрдө иликтөөнү баштады. Укук коргоо органдары тажик жарандары менен болгон окуянын далилдерин табуу боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, бүгүн, 6-августта Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарган. Алдын ала маалыматка караганда, ок мергенчилик куралдан атылган. Натыйжада чек арачылардын бири колунан жаракат алган.

Количество просмотров: 72