Кыргыз-тажик тилкесинде орун алган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамынын арасында жаракат алгандар жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.
«Жолугушууга эки өлкөнүн чектеш облустарынын күч структуралырынын жетекчилери да катышууда. Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын «Булак-Башы» жана Тажикстандын «Кех» чек ара постторунун ортосунда ок атышуунун келип чыккан себебин талкуулашууда. Саат 13.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп бааланууда»,-деп айтылат маалыматта.