Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.
«Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат»,-деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.