Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоону жыл аягына чейин бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бишкекте жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюуга арналган улуттук форумда билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өкмөттөр аралык комиссияга 2024-жылга чейин чек араны тактоо иштерин бүтүрүү тапшырмасын берген.
«Биз чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жигердүү иштеп жатабыз. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык делимитациялык процесстер аяктады. Эки өлкөнүн, Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын тапшырмасынын негизинде жаңы жылга чейин бардык чек арадагы маселелер чечилди деп маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз»,-деди Жапаров.