• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара боюнча протоколго кол коюлду

24 Бирдин айы 2020 16:05 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын отурумунун жүрүшүндө Баткен облусунун Баткен шаарында кеңири пикир алмашуу болуп өттү.

Эки өлкөнүн делегацияларынын башчылары – вице-премьер-министрлер Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги чек ара сызыгын мындан ары чийүүнү активдештирүү зарылдыгы тууралуу, ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоого чейин Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгындагы туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесинде өз ара толук түшүнүшүү билдиришти.

Укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун укуктук негиздерин талкуулоону улантуу тапшырылды.

Топографиялык топтор мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү маселесин кароону жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесин иштеп чыгууну улантат.

Жыйындын алкагында күч түзүмдөрүнүн катышуусунда чек ара аймактарында жаңжалдардын чыгышын алдын алуу боюнча өз ара иштешүү максатында чектеш аймактардын башчыларынын өзүнчө жолугушуусу болуп өттү. Анда эки өлкөнүн чектеш облустарынын жана райондорунун ортосунда кызматташууну мындан ары активдүү кеңейтүүнүн, достукту, өз ара түшүнүү жана коңшулаштыкты чыңдоонун зарылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу Баткен жана Согди облустарынын башчылары 2020-жылга карата кызматташуу иш-чараларынын биргелешкен планын бекитишти.

Өкмөттүк делегациялардын отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Количество просмотров: 405