Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын мурдагы директору Алмазбек Ногойбаевдин кызы ишкананын Бишкек-1 аймагына мейманкана куруп алгандыгын айтып чыкты.
Депутат ишкананын учурда кандай финансылык абалда экендигине кызыгып, ишкана мамлекетке пайда алып келбей тургандыгы боюнча жооп алды. Жоопко канааттанбаган эл өкүлү ишкананы жеке менчикке берсе тез арада гүлдөп-өсүп, а түгүл мамлекетке ири ижара акысы келип түшөөрүн кыйытты.