• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Дашков абактан жеке клиникага которулганы айтылды

1 Теке 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан менчик клиникалардын бирине которулду. Маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Дашков ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан менчик клиникага которулган.

Эске салсак, Дашков «»Кыргыз темир жолу» ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган. Василий Дашков 18-майда да кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Атайын кызмат ал ошондон бери зыяндын ордун толтурбаганы үчүн камакка алынын билдирген.

Количество просмотров: 103