• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Василий Дашков үй камагына чыкты

14 Үчтүн айы 202218:13 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолунун» мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыкты.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 31-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен айыпталуучу Дашковдун баш коргоо чарасы соттук териштирүү бүткүчө үй камагына өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков 2020-жылдын майынан декабрь айына чейинки аралыкта товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү үчүн төлөм шылтоосу менен 1,1 млрд сомду жеке компанияга мыйзамсыз которгон деп айыпталган.

2021-жылдын 8-июнунда Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген

Количество просмотров: 146