• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Кыргыз темир жолунун» экс-директору Василий Дашков үй камагына алынды

19 Бугу 202118:48 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын экс-директору Василий Дашков үй камагына алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 18-майындагы токтомуна ылайык, Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурорунун өтүнүчү канааттандырылды.

Шектүү Василий Дашковдун бөгөт чарасы каралып, 2021-жылдын 18-июлуна чейин үй камагына алынды.

Количество просмотров: 158