КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Жаңы жетекчини жамаатка Маданият министринин орун басары Марат Тагаев расмий тааныштырып, анын кесипкөйлүгү менен тажрыйбасын белгилеген.
Алмаз Кулматов 1967-жылы төрөлгөн, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал мамлекеттик түзүмдөрдө жана билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ. Аткарган негизги кызмат орундары:
Алмаз Кулматов 200дөн ашуун макалалардын жана илимий эмгектердин автору. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2019).