Кыргыз-өзбек курамаларынын беттешине күйөмандык кылып президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү келди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан — Өзбекстан футбол боюнча курама командаларынын беттеши 2:3 эсебинде өзбекстандыктардын пайдасына жыйынтыкталды.