• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-өзбек чек арасы: Жумушчу топтор жолукту

19 Бирдин айы 202313:16 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашкан. Ошондой эле, чек аранын айрым тилкелерин жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылган.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Количество просмотров: 96