• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, ок атылды

6 Үчтүн айы 2020 23:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, жаңжал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткен. Издеп барган ээлери да ошол аймакка кирип калгандыктан, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен түшүнбөстүк келип чыккан.

Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жооптуу аткаминерлери жолугушуп, маселени талкуулашууда.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 331