• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал туруктуу

12 Бирдин айы 2021 0:03 Бишкек Govori.TV

Учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кара-Белес жерлигинде Кыргызстандын Ала-Бука багыты жана Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстан менен Өзбекстандын кадастр органдарынын адистери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

«Жолугушуу аталган райондун Кара-Белес жерлигиндеги кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгынан өтүүсүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда келишилген Келишимдин негизинде тактоо максатында болуп өттү. Адистердин жеринен чек ара сызыгын тактоо боюнча иш алып баруу учурунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Болот жерлигиндеги 40 чакты жергиликтүү жашоочулар топтолуп аталган аймактагы чек ара сызыгынан өтүүсүнө өздөрүнүн макул эместигин билдиришкен. Кырдаалдын күчөп кетпөөсүн эске алып чек ара сызыгынан тактоо иштерин токтотуп, чектешкен аймактагы жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,-деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Количество просмотров: 61