• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинде чектөө киргизилди

7 Тогуздун айы 2022 11:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-октябрда “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Достук” бекетинде капиталдык курулуштун аякташына байланыштуу Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат. Мындан улам аталган көзөмөл бекети бүгүн чектөө режиминде иштейт. Ал өз учурунда адамдардын жана унаалардын топтолушуна алып келиши мүмкүн.

Количество просмотров: 215