• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 2 протоколго кол коюлду

29 Баш оона 2020 9:41 Бишкек Govori.TV

 Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар узундугу 94,5 км болгон кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча макулдашууларга кол коюшту. Ошондой эле макулдашылбаган 10 тилкенин бири талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлган.

«Эки тарап коңшу элибизди тынчсыздандырган чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин активдештирүүнү макулдашты. Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре жумушчу жолугушуулардын графигинин планы бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлмөкчү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борубаев. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын башчысы, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өткөн сүйлөшүү процессинин жемиштүүлүгүн белгледи. 

Ал белгилегендей, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер, ошондой эле чек ара маселелер жыйындысын чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат. 

Количество просмотров: 138