• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жыйыны өттү

21 Баш оона 202316:18 Бишкек Govori.TV

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды, ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 13-августунан 19-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек Биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Количество просмотров: 94