Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиевдин, райондун имам-хатиби, МАБнын жетекчилеринин, ошондой эле Свердлов катышуусунда аймакта жайгашкан «Дияр», «Фаризат», «Мансур», «Версаль» кафелеринин жана башка ири кафелердин, чайканалардын, банкеттик залдардын өкүлдөрү менен кезектеги жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жана 2024-жылдын 22-февралындагы «Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ысырапкорчулукту алдын алуу жана салтанаттуу үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, маркумдардын элесине арналган эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө маселелер талкууланды.
Ошондой эле анда каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды катуу тартипке салуу, кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык маданиятынын калыптанышы жана турукташуусу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу көрсөтүлгөн.
Жыйындын жүрүшүндө кафе, ресторандардын өкүлдөрү КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталган муниципалдык администрациянын иш-чараларын колдошту.
Жыйындын жыйынтыгында МАБ жетекчилерине үй-бүлөлүк эскерүү жөрөлгөлөрүн жана маркумдун жаркын элесине арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.