• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров: «Биз «Илбирс секириги» менен амбициялуу максаттарыбызга жакындап жатабыз»

18 Тогуздун айы 202412:02 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинети өзү кабарлады.

Ал үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ички дүң продукциянын өсүү темпи 8,4%, ал эми Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда 9,7%ды түздү. Курулуштун дүң продукциясынын өсүш темпи 36,9%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу аффинаждалган мунай продуктуларын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишин (32,5%га), тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын (22,6%га), текстиль өндүрүшүндө, кийим өндүрүшүндө (13,2%га), желим, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүдө (8,8%га), ошондой эле фармацевтика продукциясында (5,9%га) өндүрүү көлөмүнүн өсүшү менен камсыз кылынды. 

“Биздин экономиканын өсүү темпи кубандырбай койбойт. Биз “Илбирстин секириги” программасын ишке ашырып, алдыга койгон амбициялуу максаттарыбызга жана милдеттерибизге жакындап жатабыз”, — деди Акылбек Жапаров. 

Жыйында курулуш, саламаттыкты сактоо, бюджеттик мыйзамдар жана башка тармактар боюнча 20 маселе каралды.

Количество просмотров: 175