• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кыргыз-өзбек футбол беттеши. Тартипти 3 миңдей милиционер камсыздайт

9 Аяк оона 202413:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт.

Оюн эртең, 10-сентябрда кечки саат 20:00дө Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга 3 миңдей милиция кызматкерлери тартылат.

Милициядан маалымдашкандай, күйөрмандар стадионго кирерде коопсуздук чараларынын алкагында текшерүүдөн өтүшөт. Мындан улам кезекке турууну түшүнүү менен кабыл алып, стадионго беттеш башталганга эки саат калганда келүү керектиги айтылды.

Количество просмотров: 53