Кыргызстандык мектеп окуучусу Злата Швачева “Билимдин муз жаргычы” V эл аралык экспедициясына катышып, өлкөнүн желегин Түндүк уюлга илген. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.
«Мен үчүн экспедицияга катышуу Түндүк уюлду көрүү үчүн гана эмес, ал жерге Кыргызстандын желегин илүү да кубанычтуу болду, анткени бул мен үчүн чоң сыймык. Мурунку желекти космонавт Салижан Шарипов орноткон. Ошондой эле, биз өзүбүздүн шаарыбызды жана ага Түндүк уюлдун алыстыгын көрсөткөн жазууларды орнотуп, бардыгын Кыргызстанга келүүгө чакырдым», — деди Злата Швачева.

Маалыматка ылайык, экспедиция 13-августтан 22-августка чейин ишке ашкан. Негизги курамды 63 мектеп окуучусу, анын ичинде Росатом өзөктүк технологияларды иштеп жаткан өлкөлөрдөн — Армения, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Венгрия, Индия, Кытай, Түштүк Африкадан келген тогуз катышуучу болгон.
Экспедициянын ар бир катышуучусу чыныгы жаш полярдык изилдөөчү экендигин тастыктаган диплом жана Түндүк уюлдан кичинекей бөтөлкө суу алган.
