• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кыргызалтын» мамлекеттик коругунун 16 гектары Кумтөргө берүү тууралуу ача пикир жаратууда

3 Аяк оона 2019 14:37 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругу 26 000 гектар концессиялык аянтка кирет, деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 3-сентябрда «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, «Сары-Чат — Ээр-Таш» коругунун аймагында геологиялык-чалгындоо иштери карьердин тегерегинде гана жүргүзүлгөн.

«Эгерде жалпы 26 миң гектарды ала турган болсок, геологиялык чалгындоо жана кен иштетүү анын 841 гектарында гана жүрүүдө. Өкмөт тарабынан жер участогу калыбына келтирилген эмес. 2009-жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган Кумтөр долбоору боюнча келишимдин негизинде жер участогу компания тарабынан каттоого алынган. Бул келишимге ылайык, концессия 26 миң гектар аянттагы жерди 2042-жылга чейин берген.

Концессиялык аянттын аймагы, анын ичинде 16 гектар жер да коруктун аймагына кирбейт.

16 миң га жердин берилиши боюнча талашта, 2009-жылы концессиялык аянт берилгенде бул 16 га жер Кыргызстандын үлүшү 15 пайыздан 33 пайызга көтөрүү боюнча алмашуу катары берилгенин белгилеп кетүү зарыл. Ошондой эле 13 +1% өлчөмүндө кошумча салык базасы камсыз кылынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилгени белгилүү болду.

Бул маалыматты 2-сентябрда, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков Азаттыкка ырастаган.

«2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган болчу. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан. Негизинен биз жер аянттарын бергендин эсебинен компаниянын салыктык режими өзгөртүлүп берилген».

2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер аянты «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 67